7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуудан 27 жаштагы сержант каза болду

968

Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан 27 жаштагы Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын аскер кызматкери, сержант Хуснидин Хожиев ок атышуунун кесепетинен көз жумду. Ал 1994-жылы туулган. Учурда анын өлүмү боюнча териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Алдын ала маалыматка ылайык, Тажик тараптан дагы каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Ок атышуу орун алган жерде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери иш алып барышууда. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, кечээ, 8-июлда саат 17:00 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын чек арачыларынын арасында ок атышуу болгон. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын атчандардын чек ара отряды Чашмагил ашуусунан күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салуусуна дуушар болду. Аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

969