7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча эки тараптуу жолугушуу өттү

688

Кечээ, 12-март күнү Тажикстандын Исфара районундагы «Гулистон» өткөрүү пунктунда чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушуу саат 10:00дөн башталып 16:00гө чейин болгон. Жолугушууга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, ИИМдин орун басары генерал- юмайор Абдиев Нурбек Такабаевич жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери менен Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери катышты. Ал эми тажик тараптан Согди облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода жана Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали, ошондой эле жергиликтүү бийлик, укук коргоо кызматынын өкүлдөрү катышкан.
Сүйлөшүүнүн биринчи бөлүгүндө негизинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде катталып жаткан окуялардын келип чыгуу себептери жана тынчтыкты кармап калуу жолдору талкууланган.

Андан соң 15 мүнөттөн кийин сүйлөшүүнүн экинчи бөлүгү эки облустун жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Ражаббой Ахмадзоданын катышусунда улантылып, анда жалпысынан 4 маселе каралды:
1) Чек арага жакын жайгашкан айылдардын чарбачылык маселелери (арыктарды, каналдарды тазалоо иштери жана элди сугат суу менен камсыздоо), көпүрөлөрдү оңдоо иштери
Бул маселе боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү.
2) Чек арага жакын жайгашкан айылдарда Коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча ( милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иш чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө
3) Чек арада катталган мал уурдоо боюнча: тез арада маалымат алмашып, кайра мал ээсине малдарды толук кайтарып беруу маселесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн денгээлинде сүйлөшүү
4) Дрон (БПЛА) чек ара аймактарында учурууга тыюу салуу маселеси каралды
5) Эки тараптын жетекчилеринин катышуусунда жабык эшик артында каралды.
Ал эми эки тараптын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чек араны кайтаруу, кыргыз-тажик чек арасында чыр чатактарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча өзүнчө каралды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689