7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргыз темир жолу» ишканасы 17 жаңы унаа сатып алды

595

«Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы 17 жаңы унаа сатып алуу менен кызматтык унаа паркын жаңыртты.

Аталган ишкандан билдиришкендей, бүгүн башкы директор Азамат Сакиев салтанаттуу түрдө ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жаңы кызматтык автоунаалардын ачкычтарын тапшырды.

«Компаниянын кызматтык автопаркы 30 жылдан бери жаңыланбай, анын балансында дайыма оңдоону талап кылган жана коопсуздук талаптарына жооп бербеген унаалар бар. Узак убакыт бою компания үзгүлтүксүз оңдоо иштерине чоң чыгымдарга жана эскирген автопаркты кармап туруу үчүн күйүүчү майдын жогорку чыгымына дуушар болгон», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, жаңы унааларды сатып алуу чыгымдарды оптималдаштырууга, жалпы натыйжалуулукту жогорулатууга жана ишкананын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга шарт түзөт. Кызматтык автоунаалардын паркын жаңылоо, оңдоого жана күйүүчү майга кеткен чыгымдарды бир топ кыскартат.

596