Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун расмий ачуу салтанатына катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров белгилегендей, Өзбекстан Республикасы Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшүнүн бири болуп саналат.
«КРнын президентинин Өзбекстан Республикасына өткөн жылдын жазындагы мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу мамилелердин мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган макулдашууларга жетишилди. Бүгүн биз ошол кезде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алгачкы жыйынтыктарына күбө болуудабыз. Кыргыз Республикасы товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө даяр. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймакта логистикалык борборлорду куруу боюнча долбоорлор активдүү фазада ишке ашырылууда. Кызыл-Кыя шаарындагы Фергана жана Баткен облустарын байланыштырган соода-логистикалык борборду курууга жана ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган соода-логистикалык борборду ишке киргизүү өлкөлөр ортосундагы экспорттук-импорттук операцияларды өнүктүрүүгө чоң түрткү берет деп ишенем», — деди Министрлер кабинетинин башчысы.
Анын айтымында, Кызыл-Кыя шаарын Кытай Эл Республикасы менен чектеш Эркештам өткөрүү пункту менен байланыштырган унаа жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери башталды.
«Ал жерде логистикалык борбор куруу да пландалууда. Кыргызстан Өзбекстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы транзиттик көпүрө катары чыгууга даяр. Мындай келечектүү инфраструктуралык долбоорлор ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Министрлер кабинети тарабынан артыкчылыктуу маселе катары каралат. Ошондой эле биз Өзбекстан Республикасына цемент, көмүр, картошка, эт, сүт жана сүт азыктарын жеткирүүнү камсыздоого жана анын көлөмүн жогорулатууга даярбыз», – деп белгиледи ал.
Акылбек Жапаров жакында Ош шаарында өткөн Кыргыз-өзбек чектеш облустарынын жетекчилеринин кеңешинин алкагында кабыл алынган макулдашуулардын маанилүүлүгүн белгиледи.
«Биздин бардык пландарыбыз жана макулдашууларыбыз жакынкы келечекте ишке ашат деп ишенем. Тиешелүү мамлекеттик органдар бизди Түштүк Азия өлкөлөрү менен байланыштыруучу «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча дээрлик бардык маселелерди макулдашты. Келечекте биз бул магистралдын транспорттук потенциалын активдүү пайдаланууга тийишпиз. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча катары бизнес субъекттеринин түз байланышын чыңдоого чоң салым кошуп, ошондой эле жаңы биргелешкен ишканаларды ачууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров.
Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков эки өлкө лидерлеринин саясий эркине жараша эки тараптуу өз ара аракеттенүү жаңы сапаттуу деңгээлге чыккандыгын белгиледи.
«Кыргыз Республикасынын президентинин Өзбекстанга болгон сапары мамлекеттер ортосундагы мамилелердин кайрадан жанданышы үчүн кубаттуу түрткү берди. Белгилей кетсем, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Өзбекстандын өкмөтү Кыргызстан менен кызматташууга артыкчылыктуу маани берет», — деп билдирди Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков.