Кыргызстандык жаачылар Тажикстандын президентинин кубогунда байгелүү орундарды ээледи.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спорттук иш-чара 6-октябрдан 9-октябрга чейин Тажикстандын Худжанд шаарында өттү.
Командалык жарышта:
1-орун (алтын) – Асел Шарбекова, Эмирбек Машев.
Эркектер арасында:
1-орун (алтын медаль) – Машев Эмирбек.
Кыз-келиндер арасында:
1-орун (алтын медаль) – Динар Бекбалиева.
3-орун (коло медаль) – Асел Шарбекова.
Эркектер арасындагы курама команда:
3-орун (коло медаль) – Улукбек Курсаналиев, Эмирбек Машев, Мухаммад Ислам Алмамбет уулу.
Кыргызстандын курама командасы жалпы 3-алтын, 2-коло медаль жеңди.
Жалпы командалык эсепте:
1-орун – Кыргызстан;
2-орун – Казахстан;
3-орун – Өзбекстан;
4-орун – Тажикстан;
5-орун – Ирак;
6-орун – Россия.