7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыздын аппак боз үйлөрү Түркиянын Кахранмараш шаарына тигилди (ВИДЕО)

807

Түркиянын Кахраманмараш шаарына кыргыз боз үйлөрү тигилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жер титирөөдөн жабыркаган түрк боордошторго 120 боз үй гуманитардык жардам катары 12-13-февралда жөнөтүлгөн.

Ал эми 13-февралда өздүк курам менен биргеликте Түркияга учуп кеткен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кахраманмараш шаарынан бөлүнгөн тилкеге тигилген боз үйлөр шаарчасына барып, кыргыз элинен келген жардамды жергиликтүү уюштуруучуларга өткөрүп берет.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Түркияда тигилген боз үйлөр казак элине таандык деп айтып жаткан адамдын видеосу тараган. Аталган видео соцтармактарда кызуу талкуу жаратып, кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын туудурган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

808