7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кыргызкөмүр” ишканасынын директору бир айлык маянасын ачык айтты

255

“Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде айлык маянасы жана жеке кирешелери тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ишкана 300 миллион сом кирешеге чыккандан кийин кызматкерлердин айлык маянасы жогорулаган.

«Учурда менин айлык акым 160 миң сомду түзөт. Колума тийген таза сумманын өлчөмү 132 миң сом.

Мындан сырткары, белгилүү учурларда кошумча сый акылар да берилет. Биздин компания KPI системасын колдонот. Өткөн жылы KPI 333 миң сомду түзгөн. “Кыргыз темир жолу” ишканасында да ушундай тажрыйба колдонулат экен. Ошондой эле үй-бүлөмө тиешелүү жеке бизнесибиз бар, ал жактан да киреше түшүп турат», — деди Маматов.

256