7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы

1054

Кыргызстанда алдыңкы жумада аба ырайы кандай болору тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымат таратты.

Бишкек шаарында эртеңден баштап күн сууктап, 16-17-18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 19-22-апрелде күн ачык болот.

Чүй облусу

16-17-18-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-апрелде күндүз жана 20-22-апрелде күн ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде жана 17-апрелде күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Талас облусу

16-17-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз айрым жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

18-апрелде күндүз жана 19-22-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Ош облусунда 16-17-18-апрель күндөрү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ушундай эле аба ырайы 19-апрелде түнкүсүн да уланмакчы.

Ал эми 19-апрелде күндүз жана 20-22-апрелде күндүн көзү ачылып, жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл жана Нарын аймактары

Бул облуста дагы аптанын башында көпчүлүк аймактарда катуу жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 20-22-апрелде күн ачык болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1055