Кыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү экономикасы тез өнүгүп жаткан 5 мамлекеттин катарына кириши мүмкүн. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы 10%га өстү, бул көрсөткүч менен Кыргызстан дүйнөдө эң жогорку темпти көрсөттү. Натыйжада ИДПнын көлөмү 1 трлн 240,5 млрд сомду (болжол менен 7,5 трлн теңге) түздү, деп маалымдайт inbusiness.kz.
Дүйнөлүк банктын жаңы божомолуна ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 10,3 пайызга жетиши мүмкүн. Ошентип, республика дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ТОП-5ине кирет деп күтүлүүдө.
Аналитиктердин баамында, мындай өсүшкө ички суроо-талаптын жогорулашы, кызмат көрсөтүү тармагынын жана курулуштун активдүү өнүгүшү, ошондой эле алтындын баасынын тарыхый деңгээлге көтөрүлүшү себеп болду. Алтын өлкөнүн негизги экспорттук товарларынын бири болуп саналат.
Бирок эксперттер белгилешкендей, геосаясий кырдаал жана тышкы рыноктордогу өзгөрүүлөр Кыргызстанга инвестиция агымын жайлатышы мүмкүн. Себеби акыркы мезгилде өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн, анын ичинде постсоветтик аймактардан инвесторлор чыгып кетүүдө.
Ошол эле учурда Дүйнөлүк банктын адистери Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздагы башка мамлекеттер сыяктуу эле, Россияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатканын эскертишти. Мындай «боз экспорт» өлкөгө олуттуу киреше алып келгени менен, АКШ жана Евробиримдик тараптан экинчи даражадагы санкциялардын коркунучу да бар.
Болжолдоого караганда, 2025-жылдын жыйынтыгында бюджет тартыштыгы ИДПнын 2,2%ына, ал эми төлөм балансынын тартыштыгы 8,3%га жетиши ыктымал.
Азия өнүгүү банкы да мурдагы божомолун оңдоп, Кыргызстандын экономикасынын өсүшүн 8,3% деп баалаган. Ошентсе да өлкө 2025-жылы Борбор Азия жана КМШ мамлекеттеринин ичинен талашсыз түрдө лидер бойдон калары айтылууда.
Ошого карабастан, кыргызстандык эксперттер өз өлкөсүнүн олуттуу өсүү потенциалына ээ экенине ишенишет.
Interpost.kg‘нин аналитиктери Кыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын январынан мартына чейин 13,1% га өскөнүн белгилешет. Ал эми ушул жылдын биринчи жарымын 12% өсүш менен аяктады.
Кыргызстандын артыкчылыгы — экономикасынын диверсификациялангандыгы, башкача айтканда, нефтке көз каранды эмес. Негизги өнүгүү булактары — кызмат көрсөтүү жана кайра иштетүү өнөр жайы.
2025-жылдагы ИДПнын структурасы төмөнкүдөй түзүлдү:
- кызмат көрсөтүү тармагы – 50%;
- өнөр жай – 17,5%;
- азык-түлүк өндүрүшү – 15,3%;
- курулуш – 7,9%;
- айыл чарба – 9,3%.
Республиканын ИДПсынын өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтары курулуш тармагындагы өндүрүштүн жылдык өсүшү (+29,6%), дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо (+15,6%) жана өндүрүш (+8,2%) болду.
Кыргызстан 9 айдын ичинде 12–13%га чейин өсүш көрсөтмөк, бирок жылдын экинчи жарымында айыл чарба, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактарында темп бир аз жайлаган.
Ошол эле маалда Кыргызстан инфляция деңгээлин да көзөмөлдөй алган. Эгер Казакстанда инфляция 2025-жылдын январь–октябрында 12,6%га жетсе, Кыргызстанда ал 8,4%га чейин түшкөн. Улуттук банк инфляцияны ооздуктоо үчүн негизги ченди 9,25%га көтөргөн.
Салыштыруу үчүн: Казакстандын Улуттук банкынын негизги чени — 18%, бул насыяларды элге дээрлик жеткиликсиз кылып койду.
Кыргыз өкмөтү тескерисинче, салык жүгүн азайтуу чараларын көрүүдө. Айрыкча айрым айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн кошумча нарк салыгы (КНС) 2030-жылга чейин төмөндөтүлдү. Бул кадам ата мекендик продукциянын атаандаштык жөндөмүн жогорулатты.
2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 9 млрд 36 млн долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 23,3%га өскөн. Бирок Евразия экономикалык биримдиктин өлкөлөрү менен соода жүгүртүү 3,3%га азайып, 3 млрд 349 млн долларды түзгөн.
Эксперттердин баамында, келечекте негизги коркунучтардын бири — Россиядагы күйүүчү майдын баасынын өсүшү, анткени Кыргызстан күйүүчү майдын басымдуу бөлүгүн ошол жактан импорттойт. Бул ички рынокто баалардын көтөрүлүшүнө алып келиши ыктымал.
Ошентсе да эл аралык эксперттер менен жергиликтүү аналитиктер бир пикирде. Кыргызстан акыркы жылдары дүйнөдөгү эң ылдам өсүп жаткан экономикалардын бири болуп, “борбор азиялык экономикалык илбирс” аталышын алууга татыктуу.
Эске салсак, 2023-жылдын 30-декабрында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу катары бекитилген. Ал өлкөнүн эркиндигин, күчүн жана руханий мурасын чагылдырат.



