7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элчи: Кыргызстан Кореянын «Артыкчылыктуу өлкөлөр» тизмесине кошулду

761

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёк жана KOICAнын өкүлү Ли Джонгсу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлайт.

Анда Кореяга экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын, анын ичинде балды, кургатылган мөмөлөрдү жеткирүү, КР шайлоо системасын реформалоонун алкагында автоматтык эсептөө урналарын камсыздоо программасын жакшыртуу, “Санариптик парламент” долбоорун биргелешип ишке ашыруу тууралуу сөз болгон.

Талант Мамытов Кыргызстан менен Кореянын эки тараптуу мамилелеринин ар тараптуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүчү долбоорлорду батыраак ишке ашырылышына кызыктарлыгын билдирип, кызматташтык планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту түзүүнү сунуштаган.

Элчи Кыргызстан Корея Республикасынын жаңы “түштүк” жана “түндүк” саясатынын алкагында кызматташуу үчүн жогорку потенциалга ээ болгон артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгендигин эске салды.

Бүгүн Кыргыз Республикасы биздин өлкө үчүн өзгөчө кызыгуу туудурат, Кореянын жарандарынан Кыргызстанга келип кетүүнү каалагандардын саны улам көбөйүүдө”, — деди элчи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

762