7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кыргызстан – кышкы эс алуунун жана тоо лыжа туризминин өлкөсү – 2023” кайрымдуулук фестивалы өтөт

544

2023-жылдын 25-февралында “Mounty Норус” лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – кышкы эс алуунун жана тоо лыжа туризминин өлкөсү – 2023” XIV кайрымдуулук фестивалы өтөт.

Иш-чаранын максаты — Кыргыз Республикасын кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытуу. Анда лыжа тебүү боюнча мелдеш жана музыкалык номерлер болмокчу.

Билеттерди алууда лыжа билети акысыз болот. Чогултулган бардык каражаттар калктын аярлуу топторуна колдоо көрсөтүүгө жумшалат.

Иш-чара КР ММСЖСМге караштуу Туризм департаменти, Норус лыжа базасы, JIA Бизнес Ассоциациясы, JICA бүтүрүүчүлөр ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, КРнын жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулмакчы.

Иш-чара 2023-жылдын 25-февралында саат 11:00дө Т/Б “Mounty Норус” өтөт.
Билеттерди төмөнкү номерлер боюнча алса болот:
+996 (500) 888-900
+996 (0500) 888-250 («Mounty Норус» сатуу бөлүмү)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

545