7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Германиянын билим берүү тармагындагы кызматташтык талкууланды

585

Берлинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын билим берүү жана илимий изилдөө министрлигинин Чыгыш өнөктөштүгү ɵлкɵлɵрʏ, Россия жана Борбордук Азия менен кызматташуу боюнча бөлүмдүн башчысы Габриэла Германи менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар ар кандай билим берүү жана илимий долбоорлордун алкагында, Германиянын академиялык алмашуу кызматы (DAAD) жана германиялык фонддор аркылуу, ошондой эле эки өлкөнүн университеттери менен мектептеринин ортосунда ийгиликтүү өнүгүп жаткан билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин канааттануу менен белгилешти. Борбордук Азия жерди прикладдык изилдɵɵ институтунун (CAIAG) ишмердүүлүгүнүн алкагында Потсдамдагы жерди изилдөө борбору менен жигердүү илимий кызматташтык жүргүзүлүүдө.

2023-жылдын март айында Германиянын делегациясынын Кыргызстанга иш сапары пландалып жатат жана анда билим берүү жана илим тармагында, анын ичинде илимий-техникалык тармакта кыргыз-герман кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланат.

Тараптар эки ɵлкɵнʏн ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты ɵнүктүрүү боюнча тийиштүү документке кол коюу жɵнүндɵгү маселени да талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586