Акыркы жылдары Кыргызстан менен Германиянын соода-сатыгы 5-10 эсеге өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
Ал элчиликтин 2022-25-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып жатып, соңку учурларда Германия биздин өлкөгө болгон приоритеттерин өзгөртүп, саясий деңгээлде, соода-сатык тармагында активдешүү башталганын билдирди.
“2018-жылы соода көлөмү 70-80 млн эле болсо, акыркы жылдары 5-10 эсеге өстү. Бул геосаясаттын, өлкөлөрдүн приоритеттеринин өзгөргөндүгүнөн улам болду. Биздин статистика боюнча 2023-жылы 429 млн доллар болсо, Германиянын маалыматтары боюнча 703 млн долларды түзгөн. Акыркы кездерде көлөмү азайып жатат. Анын себеби санкциялык режимдин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу болушу мүмкүн.
Ал эми 2023-жылдан тарта 2,5 эсеге өсүп же 250%га өсүш болду”,-деп белгиледи Текебаев.



