7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Кытай авиация тармагында алакаларын чыңдайт

202

Бүгүн «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун (ААК) төрагасы Манасбек Самидинов менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Жарандык авиация администрациясынын (CAAC) төрагасынын жардамчысы Чжу Яочун мырза жолугушту.


Чжу мырзанын айтымында, транспорт тармагынын туруктуу өсүшү Кытай экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошууда. Тактап айтканда 2024-жылы өлкөнүн ИДПсы 5% га өскөн, ал эми аба жүргүнчүлөрүнүн саны 730 миллион адамга жеткен.

Делегациянын сапарынын алкагында төмөнкү маселелер талкууланды:

— Аба жүктөрү транспорттору, кадрларды даярдоо жана авиациялык машина куруу жаатындагы кызматташууну;

— Авиациялык коопсуздук багытындагы механизмдерди талкуулоо;

— Кытайда чыгарылган учактарды, айрыкча C919 жана C929 үлгүлөрүн илгерилетүү;

— Кыргызстанда авиациялык материалдар боюнча регионалдык борбор түзүү жана Үрүмчү/Кашкар – Бишкек/Ош багыттарында жүк ташуучу туруктуу авиакаттамдарды ишке киргизүү;

— Кыргызстандагы аэропортторду Xinjiang Airport Group компаниясынын катышуусу менен модернизациялоо боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу;

— Гуманитардык жана маданий кызматташууну өнүктүрүү жана кытай авиациялык технологиялары боюнча Ачык эшиктер күндөрүн өткөрүү;

— Кыргыз тарапты 2025-жылдын 5–6-июнунда Пекин шаарында өтө турган Эл аралык авиациялык коопсуздук форумуна чакыруу.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК Кытай Эл Республикасынын Жарандык авиация администрациясы менен байланыштарды тереңдетүүгө жана адистик тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

203