7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстан маданий кызматташтыкты чыңдоодо

257

2025-жылдын 4-ноябрында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде министр Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандагы Тажикстандын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту.

Жолугушууда маселелерин талкуулашып, кыргыз-тажик мамилелери терең тарыхый негизге ээ болуп, жалпы баалуулуктарга жана салттарга таянарын белгилешти.

Министр 2025-жылдын июль айында өткөн Кыргызстан Маданият күндөрүн жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн тажик тарапка ыраазычылык билдирип, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Тажикстан Маданият күндөрүн өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Тараптар эки элдин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана маданий диалогду өнүктүрүүгө кызыктар экенин тастыкташты.

 

 

258