7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстандын 500гө жакын жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыккан

839

Орусиянын укук коргоо органдары Иркутск облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын 500гө жакын жаранынын ортосундагы массалык мушташты иликтеп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мушташ 23-июнда Жигаловск районундагы газ кенинде чыккан.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутсктагы өкүлчулүү жабыркагандар менен ыкчам байланышканда Кыргызстандын 5 жараны ар кандай оордуктагы жаракат алышканы, алардын бири ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.

Элчиликтин Иркутсктагы бөлүмүнүн консулу Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана жергиликтүү укук-коргоо органдары менен жолугушуу үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

840