7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

#Баткеним_менин Кыргызстан менен Тажикстандын ИИМдери чек ара боюнча сүйлөшүштү

882

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Тажикстандын ИИМи Рахимзода Рамазон Хамро менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер Баткен облусундагы абалды турукташтыруу, чек араша чектеш аймактарда коомдук тартипти жөнгө салуу, ар кандай тартип бузууларга жол бербөө, учурдагы кырдаал мамлекеттик деңгээлде турукташтырууга багыт алып бара жаткан кезде коомдук тартипти биргелешип сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоодо кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо маселелери боюнча бир нече жолу сүйлөшүп, биргелешип коомдук тартипти сактоо маселелери боюнча бир пикирге келишти.

Андан сырткары, Улан Ниязбеков Тажикстандын ИИМинин Согди областы боюнча башкармалыгынын начальниги, милициянын генерал майору Абдулло Навджувонов менен жана ошондой эле Бободжон-Гафуров, Исфара -1, Исфара-2, Дж.Расулов, Канибадам райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери менен да телефон аркылуу байланышып, чек арага жакын аймактардагы абалды турукташтыруу, коомдук тартипти сактоодо биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки өлкөнүн тең жарандарынын коопсуздугун сактоо багытында байма-бай сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алар менен абалды турукташтыруу боюнча бир пикирге келе алышты.

Учурда бул багытта да иш-чаралар жүрүүдө.

Улан Ниязбеков Баткен облусундагы ички иштер органдарынын, ички аскерлердин коомдук тартип сактоодогу бардык аракеттерин координациялоодо.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

883