7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлери сүйлөшүп, аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты

672

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулап, өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин белгилешти.

Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду.

Министрлер Мамлекеттик чек ара чөйрөсүндө ишеним чараларын бекемдөө жана мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин тактоо боюнча ишти улантуу зарылчылыгы жөнүндө бир пикирде болушту.

Мындан тышкары, министрлер Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун, ошондой эле Бишкекте пландаштырылган «БА-ЕККУ кызматташтыгынын 30 жылдыгы» жогорку деңгээлдеги жолугушуунун алкагында боло турган тышкы саясий иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.

Министрлер кыргыз-тажик өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармоого макулдашышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

673