7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Улуу Британия критикалык минералдар жумалыгынын алкагында жолугушту

9

Президенттик Администрациясынын Башкармалыгынын башчысы Н.Ташбеков баштаган делегациянын Улуу Британиянын Европа, Түндүк Америка жана деңиздеги аймактар боюнча мамлекеттик министри Стивен Даути менен эки тараптуу жолугушуусу өттү. Лондондо өткөн Критикалык минералдар жумалыгынын алкагында жолугушту. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу кыргыз делегациясынын Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында орун алды.

Сапар Лондондогу жыл сайын өтүүчү Тоо-кен жумалыгынын алкагында «Эртеңки күндүн ресурстары 2025» форумуна катышуу максатында болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, өз ара инвестицияларды кеңейтүүнү, ошондой эле ишкердик байланыштарды чыңдоону жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосунда критикалык маанилүү минералдар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Тараптар критикалык минералдар, геологиялык чалгындоо, экологиялык стандарттар жана инвестицияларды тартуу багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Британия тарап Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн темпин жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалады.

Меморандумга кол коюу кыргыз-британ мамилелерин тереңдетүү үчүн жаңы платформа түзөт, экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө көмөктөшөт жана инвестицияларды тартуу жана критикалык маанилүү минералдар тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

 

 

10