7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Пакистанга буурчак экспортун көбөйтөт

14

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Бекболотов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, соода жана халяль-индустрия боюнча эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Кыргызстандан Пакистандын рыногуна буурчак экспорттоону кеңейтүү жана айыл чарба продукциясынын өз ара соодасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

Пакистан тарап Кыргызстан менен сүттү кайра иштетүү жана сүт өндүрүшүн өнүктүрүү тажрыйбасын алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар байланыштуу адамдарды дайындоо, техникалык эксперттердин биргелешкен жумушчу тобун түзүү, бал жана кургатылган жемиштер менен сооданы өнүктүрүү, биргелешкен ишканаларды

илгерилетүү жана өз ара кызыкчылыктагы маселелер боюнча эксперттик консультацияларды улантуу боюнча иштерди активдештирүүгө макулдашышты.

15