Кыргызстан Россиядан жыл сайын бажы төлөмүсүз алып жүргөн күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Учурда Россия өкмөтү жооп бере элек. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов УТРКга берген маегинде айтты.
Анын айтымында, эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору бул боюнча алдын ала макулдашууга жетишкен.
«2025-жылдын аягына чейин Кыргызстан дизелди 100 миң тоннага көбөйтүүнү, ошондой эле авиакеросин боюнча квотаны 60 миң тоннага жогорулатууну көздөп жатат», – деди Насипбек Керимов УТРКга берген маегинде.
Кыргызстан жыл сайын Россиядан 1,2 млн тонна күйүүчү майды бажы төлөмсүз алып келет.