7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Янлин жогорку технологиялар жарманкесинде экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

17

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин КЭРдеги өкүлчүлүгү 2025-жылдын 25-29-октябрында Янлин шаарында өткөн 32-Кытай Янлин жогорку технологиялуу айыл чарба жарманкесине катышты. Бул тууралуу  аталган министрлик кабарлады.

Көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын стенди уюштурулуп, анда бал, кургатылган жемиштер, жаңгактар, ар кандай таттуулар жана башка продукциялар сыяктуу ата мекендик айыл чарба азыктары көрсөтүлдү.

Көргөзмөгө катышуу Кыргызстандын агрардык секторунун экспорттук мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө жана кытайлык өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө мүмкүндүк берди.

Иш-чаранын алкагында КР ЭКМнин КЭРдеги Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукцияларын илгерилетүү, жеткирүү жана сатып алуу маселелерине арналган жыйынына да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгү тааныштырылып, агрардык тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү келечеги талкууланды.

18