7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан өзүн кайсы азык-түлүктөр менен камсыздай алат?

556

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна тогуз продукция кирет. Мамлекет анын үчөөсү менен гана өзүн камсыздайт. Ага сүт, жашылча, картошка кирет. Калган алтоо — эт, жумуртка, тоок эти, буудай, өсүмдүк майы, кант жетишсиз. Ошондуктан башка жактан импорттолот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө бир жылга 408,9 миң тонна эт керектелет. Бирок республикада 278,8 миң тонна эле өндүрүлүп, 130,1 тонна эт жетишсиз. Ошондой эле өсүмдүк майы менен өзүбүздү 11,7 пайызга гана камсыздайбыз. Тагыраагы, бир жылда 60,7 миң тонна керектелсе, 7,1 миң тонна өндүрөбүз.

Булардан сырткары өлкөдө тартыш болгон азык-түлүктөрдүн тизмеси:
Кант — 170,8 миң тонна керектелет, 59,1 миң тонна өндүрүлөт;
Буудай — 769,1 миң тонна керектелет, 385,7 миң тонна өндүрүлөт;
Мөмө жана жер жемиштер — 825,1 миң тонна керектелет, 291,5 миң тонна өндүрүлөт.

Ал эми жашылча, картошка, сүт азыктары керектелүүчү көлөмдөн ашыкча өндүрүлөт.
Сүт жана сүт азыктары — 1 323,6 миң тонна керектелет, 1 668 миң тонна өндүрүлөт;
Картошка — 567,7 миң тонна керектелет, 1 289,1 миң тонна өндүрүлөт;
Жашылча — 756,4 миң тонна керектелет, 1 339 миң тнна өндүрүлөт.

Акыркы күндөрү жарандар азык-түлүк коопсуздугуна кабатыр болууда. Бир килограмм кумшекердин баасы 100 сомго, мүшөгү 5 миң сомго чейин чыгып, айрым дүкөндөрдө кумшекер калбай калды.

Буга чейин өкмөт азык-түлүк боюнча өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргызстанда беш айга жете турган кумшекер менен өсүмдүк майы бар экенин билдирип, элди көп азык-түлүк сатып алам деп дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, муну менен алып сатарлардын бааны көтөрүп жиберишине шарт түзүп жатканын эскерткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557