7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 20 млн еврого темир-бетондорун чыгаруучу ишкана курула баштады

138

Бүгүн, 10-октябрда өлкөнүн суу чарба секторунун муктаждыктары үчүн багытталган темир-бетондорун чыгаруучу ишкананын  курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 20 миллион евро өлчөмүндөгү инвестициялык долбоор Министрлер Кабинети менен United Concrete Canvas эл аралык компаниясынын өнөктөштүгүндө ишке ашырылууда.

«Жаңы завод курулгандан кийин, Кыргызстан бул материалды өз аймагында өндүрүүгө мүмкүнчүлүк алат, бул болсо импортко болгон көз карандылыкты азайтып, жумуш орундарын түзүп, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Өлкөдө 30 миң чакырымдан ашык каналдар бар, анын ичинен 19 миң чакырымы жабылбаган, ал эми 11 миң чакырымы капиталдык оңдоого муктаж. Биз алдыбызга амбициялуу максаттарды койдук – сугат системасын жаңыртуу, суу жоготууларын азайтуу жана дээрлик 37 миң гектар жаңы сугат жерлерин пайдаланууга берүү», — деп белгиледи Бакыт Торобаев.

Заводдун долбоордук кубаттуулугу жана иштөө режими:

Толук кубаттуулукка жеткенде продукциянын бөлүштүрүлүшү: 60% — Кыргызстандын муктаждыктары үчүн, 40% — экспортко.

Мындан тышкары, заводдун ишке берилиши кеминде 50 жумуш орунун түзөт, алардын 90%ын Кыргыз Республикасынын жарандары ээлейт.

139