7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда «акылдуу» жөө жүргүнчү өтмөгү иштелип чыкты

227

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги «Ди-Тек» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан «акылдуу» жөө жүргүнчү өтмөгүн патенттеди.

Түзмөк айдоочуларды өтмөктө жөө жүргүнчүлөр бар экендиги тууралуу эскертүүчү система болуп эсептелет. Конструкцияга жөө зонаны жарыктандыруу, сенсордук баскыч, үн аркылуу эскертүү жана убакыттын кыскарып баратканын көрсөтүүчү экран кирет.

Ойлоп табуунун негизги жаңылыгы — жөө жүргүнчүлөр өтмөгү күндүн убактысына карабастан көрүнүүчү жарык менен жарыктандырылат. Бул үчүн LED жөө жүргүнчү белгилери, стробоскоптор, Гобо-прожектор жана түнкү прожекторлор колдонулат. Бул сактыкты камсыз кылып, айдоочулардын  жөө жүргүнчүлөргө алдын-ала көңүлүн буруусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Патентте белгиленгендей, бул иштеп чыгуу жол кырсыктарын алдын алууга жана жөө жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактап калууга багытталган, бул визуалдык жана үндүү эскертүү системаларын айкалыштыруу менен ишке ашат.

228