7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда авиабилеттердин баасы кымбаттап жатат

538

Чет элдик валютанын өсүшү менен аба каттамдарына болгон билеттин баасы кымбаттап жатат. Бул тууралдуу Транспорт министрлигинин жарандык авиация департаменти билдирди.

Мунун себеби аба транспортунун эл аралык ассоциациясы валютанын учурдагы баасына ылайыктап улам жаңы эсептөөлөрдү жүргүзүп жатканында экенин билдиришти. «Валютанын көтөрүлүшү Кыргызстандын эл аралык  рейстериндеги  билеттердин баасына түздөн-түз таасир этет. Сатып алуу системасында авиабилеттердин баасы мурдагыдай эле (евро, доллар менен) болушу мүмкүн. Бирок аны сомго которгондо кымбаттап кетиши мүмкүн. Мисалы, билет 100 доллар турса мурдагы курс менен 8 миң 500 сом болмок. Ал эми азыркы менен эсептегенде 10 миң сомго чыгып кетип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, учурда Россияга каттамдарды көбөйтүү үчүн сүйлөшүүлөр жатат. «Валютанын кымбатташы эл аралык рейстердин рубль менен эсептелген баасын жогорулатышы мүмкүн. Эгер авиарейстер көбөйсө, авиабилеттин тарифи төмөндөмөк. Көп нерсе Украинадагы абалдан көз каранды», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

539