7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү

811

Жетим балдар үчүн интернат тибиндеги мекемелеринен тышкары, менчиктин бардык формаларында жана типтеринде окуп жаткан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары, 2022-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейин онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Билим берүү жана илим министрлигинде 2022-жылдын 15-декабрындагы № 01-9/16701 менен катталган Санитардык көрсөтмөнү жетекчиликке алып, мектеп окуучуларынын арасында сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекция ооруларынын андан ары жайылышына жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашына жол бербөө максатында окутууну онлайнга өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыкты.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттар 2022-жылдын 16-декабрынан 30-декабрына чейин онлайн окуйт.

Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

  •  аралыктан билим берүү технологияларын, видео-сабактарды, электрондук ресурстарды жана платформаларды пайдалануу менен жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү процессин онлайн форматта уюштуруу;
  • мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын жана жалпы билим берүү программаларын базистик окуу пландарына ылайык толук көлөмдө ишке ашырууга.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

812