7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда эмдөө албаган 2 бала кызылчадан каза болду

713

Кыргызстанда кызылчадан 2 бала каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында (3 жаштагы бала) жана Чүй облусунда (1 жаштагы бала)  каза тапкан.

«Эки учурда тең балдар профилактикалык эмдөө календары боюнча эмдөөлөрдү алышкан эмес, ата-энелери диний көз караштан улам баш тартышкан», — деп берилет маалыматта.

Министрлик ата-энелери вирустук гепатит жана кургак учукка каршы профилактикалык эмдөөдөн баш тарткан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында оору катталып жатканын белгилейт.

Өлкөдө жыл башынан бери 1704 бала кызылчага чалдыкканы аныкталган.  Көбүнчө Бишкек, Ош аймактарында.

Медиктер оорунун алдын алуу үчүн сөзсүз түрдө балдарды эмдөөдөн өткөрүү керектигин эскертти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714