7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда кош бойлуу аялдар бекер медициналык жардам алышы керек

1049

Өлкөдө кош бойлуу аялдарга стационардык жана амбулатордук деңгээлде бекер медициналык жардам алуу укугу берилди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ММК фонду Мамлекеттик кепилдиктер программасы (МГП) кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган, төрөткө кирген, төрөттөн кийинки мезгилде (төрөттөн кийин 10 жуманын ичинде), ошондой эле стационардык дарыланууда кош бойлуулуктун патологиясы бар аялдарга (негизги диагнозу боюнча) социалдык-медициналык себептер боюнча кош бойлуулукту токтотууга кабыл алынгандар, аларга стационардык жана амбулатордук деңгээлде акысыз медициналык жардам алууга укук берет.

“Операция жолу менен төрөө дагы Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүүчү бекер медициналык кызматтарга тиешелүү, ошондуктан төрөт үйүнүн ар бир жетекчиси дары-дармектерге, анын ичинде анестезияга дайыма мониторинг жүргүзүүгө жана операциялык бөлүмдөрдү үзгүлтүксүз камсыздоого милдеттүү”, — деди ММК фондунун медициналык камсыздоо программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова.

Белгилей кетсек, камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдар үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бир жылдык мөөнөткө акысыз Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин ишке ашырат. Бул аларга үй-бүлөлүк дарыгерлердин рецепттери боюнча амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармектерди алуусуна уруксат берет.

.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1050