7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда маморган кызматкерлери Түркияга жардам кылып бир күндүк маяналарын которууда

466

КР Финансы министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында бир күндүк эмгек акысын которушту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Мындан мурда КР президентинин администрация жетекчилери жана кызматкерлери бир күндүк маянасын которушкан.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондор 5 миң 894, ал эми жабыркагандар 34 миң 810 адамга жеткени кабарланган.

Эскерте кетсек, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалаган ар бир адам каражат которо алат:

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;

Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Ошондой эле КР ӨКМ түз байланышы иштөөдө.

Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467