7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда судьяларды мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгаруу сунушталды

180
Кыргызстанда судьялардын иши оор болгондуктан мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда.
Тийиштүү мыйзам долбоорун президенттин администрациясы иштеп чыккан. Ага ылайык, судьялык иш тажырыйбасы 20 жылдан кем эмес болгон учурда, пенсия курагына жете электигине карабастан, ардактуу эс алууга чыгууга уруксат берилет.
Документте мындай шарт түзүү зарылдыгына төмөнкүдөй жүйөлөр келтирилген:

соттордун психофизиологиялык жүгү оор жана көпчүлүк жарандык кесиптер менен салыштырууга болбойт;

мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү судьянын чарчаганына же иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө карабастан айлык акы үчүн гана иштөөнү улантуу коркунучун азайтат;

курактык өзгөрүүлөр менен топтолгон стресс ишти тез жана сапаттуу кароо жөндөмүнө терс таасирин тийгизет;

судьялар корпусун улам жаңыртып туруу мүмкүнчүлүгү жаралат.

181