Бүгүндөн тарта Кыргызстанда 2025-жылкы үлгүдөгү жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорттордун үлгүлөрү тартууланды. Документтин сырткы көрүнүшү жана коопсуздук деңгээли толугу менен жаңыланган, улуттук символиканы чагылдырат жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун эл аралык талаптарына жооп берет.
Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Учкун» ААКтын инфраструктурасы толугу менен модернизацияланган. Ишкананын техникалык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, заманбап жабдуулар орнотулган. Өткөн жылдын май айынан бери биометрикалык документтер, жалпы жарандык паспорттор жана ички ID карталар өлкө ичинде даярдалууда.
Документтерди сапаттуу жана өз убагында даярдоо мамлекеттик коопсуздукту жана өлкөнүн санариптик өнүгүүсүн камсыздоонун эң маанилүү элементи болуп саналат.
Паспорттун ар бир виза барагы Кыргызстандын бардык аймактарынын объекттерин жана жерлерин, ошондой эле тарыхый-маданий символдорду, Манастын образын, «Ынтымак Ордо» резиденциясын, Хан-Теңири чокусун жана башкаларды чагылдырат. Булардын бардыгы коргоо элементтери болуп саналат.
Документтин тышкы мукабасы да жаңыланган, анын борбордук жеринде Кыргызстандын Мамлекеттик герби жайгашкан.
Кошумчалай кетсек, паспортту алмаштыруу жарандын каалоосу боюнча, документтин мөөнөтү бүткөндө же учурдагы документтеги виза барактары бүткөндө гана мүмкүн болот.



