7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда жумушсуздук азайып баратат

789

Кыргызстанда жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 2,3 миң адам жумуш менен камсыздалган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, дагы 1,5 миң адам кесиптик окутууга жиберилген, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган. Окутуу эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерде — медициналык айым, компьютердин оператору, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюрист, массажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширеткич, слесарь-сантехник кесиптеринде өткөрүлдү.

Жыл башында Кыргызстанда экономикалык активдүү калк 2,6 млн адамды, иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 97,8 миң адамды түзгөн.

Республика боюнча жумушсуздуктун расмий деңгээли экономикалык активдүү калктын санынын 2,8 пайызын түздү.

Жумушсуздуктун төмөн деңгээли Бишкекте (1,2%) жана Чүй облусунда (1,4%) белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

790