7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 40тан ашуун бала каза болгон

459

Жыл башынан бери республика боюнча балдардын катышуусу менен жалпысынан 900дөн ашык жол кырсыгы катталып, анда 40тан ашуун бала каза болуп, 1000ден ашуун бала ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык,  жол кырсыктардын эң көп кездешкен себептери айдоочулардын каршы тилкеге чыгуусу жана ылдамдыктан ашып кетүүсү болгон. Жүргүнчү балдар жөө жүргүнчүлөргө караганда көп каза болушат. Жыл башынан бери  жол кырсыгынан курман болгон жаш өспүрүмдөрдүн санынын 53%ын унаа ичинде жүргүнчү катары бара жаткан жаш өспүрүмдөр түзөт.

Жыл башынан бери өлкөдө жашы жете элек жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 416 жол кырсыгы катталган. Ар бир окуяда коопсуздук курлары жана балдарды коргоочу шаймандардын жоктугу же аларды колдонуу эрежелерин бузуу катталган. Анын кесепетинен 22 бала каза болуп, 500дөн ашуун бала жаракат алган.

КР ИИМдин ЖКККББ эскертет, жол кыймылынын эрежелеринин 22.9 п. ылайык 12 жашка чейинки балдарды ташууга тыюу салынат:

— мотоциклдин артында;
— борттук платформасы бар жүк ташуучу унаанын кузовунда;
— жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда, баланын боюна жана салмагына ылайык келген балдарды кармап туруучу атайын түзүлүш жок болгон учурда.

Балдарды кармоочу түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды жайгаштыруу транспорт каражаттарын жана кармоочу түзүлүштөрдү эксплуатациялоо боюнча колдонмонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Унаа отургучтары жана балдарды кармап туруучу атайын түзүлүштөр балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460