7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарых музейинде өткөн жыйында өлкөдөгү музейлердин абалы талкууланды

787

Жогорку Кеңешинин “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын депутаттары 8-апрелде Кыргыз Улуттук тарых музейинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жетекчиси Рыскул Боронбаев, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Сарина Дайырова, М.В.Фрунзе атындагы үй музейинин жетекчиси Бакыт Бакчиев катышты.

Жыйында өлкөдөгү музейлердин абалы талкууга алынып, анын ичинен бир катар көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору айтылды.

Айрыкча, музей жетекчилери тарыхый экспонаттарды алууга каржылык колдоо көрсөтүү маселесин көтөрүшүп, муну менен катар адистердин жетишсиздиги актуалдуу экенине токтолушту.

Талкуу соңунда айтылган көйгөйлөр эске алынары белгиленип, фракция мүчөлөрү аларды чечүү багытында Министрлер кабинетине керектүү сунуштарды беришээрин кошумчалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788