7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Россияга импорттолгон 66 тонна мөмө-жемиштер кайра кайтарылды

478

Кыргызстандан Россияга импорттолгон 66 тонна мөмө-жемиштер кайра кайтарылды. Бул тууралуу Россельхознадзор билдирет.


Маалыматка ылайык, 1-февралдан 17-февралга чейин Россиянын ар кайсы аймактарына Кыргызстандан 66 тонна айыл чарба продукциясын алып келүүгө тыюу салынган.


Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдиргендей, Новосибирск облусуна жөнөтүлгөн 22 тонна жөнгө салынган продукция, кургатылган жемиштер, кургатылган өрүк, алма, жүзүм, бадам, өрүк үрөнү жана итмурун, ошондой эле 70 кг күрүч кайра кайтарылган. Продукциялардын фитосанитардык сертификаты жараксыз болгон. Товарлар кайра жөнөтүүчүлөргө кайтарылып берилген.


Ошондой эле, Кыргызстандан Алтай Республикасына бара жаткан 21 тонна ак капуста жана 3 тонна жаңгак кайра артка чегинүүгө аргасыз болушкан.
«Продукцияларда алардын коопсуздугун тастыктаган фитосанитардык сертификаттар болгон эмес. Айыпкерлер административдик жоопкерчиликке тартылып, жүк кайтарылып берилген», — деп айтылат билдирүүдө.


Ошондой эле, Кыргызстандан келген 20 тонна алманын Челябинск облусуна киришине пакеттерде белги коюлбагандыгына байланыштуу тыюу салынган. Жөнгө салынган өнүмдөр Москва жана Москва облусуна жөнөтүлгөн.
Жүк ташуучуларга жүктү кайтаруу боюнча буйрук берилип, ал эми өздөрү административдик жоопкерчиликке тартылышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

479