7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык үч балбан Монголиядагы мелдеште алтын медаль утту

308

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Ulaan-Baatar Open” эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жатат.

Алсак, балбан Раззак Бейшекеев мелдешке 67 кг чейинки салмак категориясында катышты. Ал биринчи айлампада индиялык балбанды, экинчи айлампада түркиялык балбанды жеңип, алтын медалга татыды.

Ал эми Асан Жанышов 87 кг чейинки салмак категориясында катышып, биринчи айлампада монголиялык балбанды 8:0 эсебинде, экинчи айлампада индиялык балбанды 9:0 эсебинде жеңген. Кыргыз балбаны чечүүчү беттеште түркиялык балбанды жеңип эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Ал эми спортчу Үзүр Жусупбеков 97 кг чейинки салмак категориясында катышты. Биринчи айлампада монголиялык балбанды 10:6 эсебинде, экинчи айлампада монголиялык балбанды 9:1 эсебинде жеңген. Жусупбеков чечүүчү беттеште индиялык балбанды 5:4 эсебинде утуп, алтын медалга ээ.

309