7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык куткаруучулар тобу Түркияга учуп кетишти (ФОТО)

531

Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк, бүгүн, 13-фералда жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 кутаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.
Алардын ичинен кечээ, 12-февралда, 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлдү.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

532