7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык скульптор Тамила Маматовага Казакстандын “Достык” ордени ыйгарылды

860

Жаш скульптор Тамила Маматовага Казакстандын II даражадагы “Достык” орденин ыйгарылды.  Маалыматты Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги таратты. Кабарлангандай, мындай сыйлыкты тапшырууга скольптор Тамила Маматованын Мухтар Ауэзовдун бюстун жасагандыгы, эки элдин достугун бекемдөөгө жана маданий алаканы жаңы деңгээлге алып чыгуусу негиз болгон.

Мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлыкты Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Рапиль Жошыбаев тапшырды. Элчи өз сөзүндө Тамила Маматованын ишине казак эли ыраазы болуп жатканын айтып, ага чыгармачылык ийгилик каалаган.

Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата анын Чолпон-Ата шаарындагы үй-музейи реконструкцияланып, Тамила Маматова жасаган бюсттун ачылышы июль айына пландалган.
«Достык” ордени Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат. Ал жарандарга коомдогу өз ара ынтымакты сактоодогу үзүрлүү эмгеги, тынчтыкты, элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн Казакстандын президентинин жарлыгы менен ыйгарылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

861