7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын 10 университети өзгөчө статуска ээ болду

154

Кыргызстанда 10 жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында агартуу министринин орун басары Дурус Козуев билдирди.

Анын айтымында, бул ЖОЖдорго академиялык, финансылык жана башкаруу багытында бир катар артыкчылыктар берилди. Мындай мүмкүнчүлүк университеттерге инфраструктурасын өз алдынча өнүктүрүүгө, анын ичинде жаңы окуу корпустарын жана жатаканаларды курууга жол ачат.

Козуев учурда Кыргыз улуттук университети Жибек Жолу проспектисинде 16 кабаттуу имарат куруп жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө объекттин үчтөн бир бөлүгү тургузулуп бүттү. Жаңы көп тармактуу корпуста административдик кеңселер жана окуу кабинеттери жайгашат», – деди министрдин орун басары.

155