7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Казакстандын жараны кармалды

632

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери чет өлкөлүк жаран бир нече жолу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү жөнүндө маалымат алышкан. 15-март күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Казакстан Республикасынын 1969-жылы туулган жараны кармалган.

Жарандын айтуусунда, ал 2019-жылы Казакстан Республикасындагы компанияларга ири суммадагы акча каражатын карыз болуп калгандыктан жана аны төлөөдөн качуу максатында 2019-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголду. Азыркы учурда кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633