7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Тажикстандын командасы менен беттешет

681

Бүгүн, «Navruz Cup 2022» эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Тажикстандын командасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки команда тең «Navruz Cup 2022» мелдешинин үчүнчү оруну үчүн таймашат. Бишкек убактысы боюнча оюн саат 16:30да башталат.

Белгилей кетсек, турнир 25-29-март күндөрү Наманган шаарында өтүп, ага Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышууда.

Буга чейин Кыргызстандын курама командасы мелдештин жарым финалында Өзбекстандын оюнчулары менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңилип калган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682