Аялдардын эл аралык күнү жакындаган сайын өлкөдө гүлгө болгон суроо-талап кескин өсүүдө. Быйыл февраль айынын башынан бери Кыргызстанга 4 миллион 70 миң даана жаңы гүл ташылып келди. Бул январь айына салыштырмалуу 31 пайызга көп.
Гүлдөрдүн негизги бөлүгү аба каттамдары аркылуу жеткирилет. Негизги импорттоочу өлкөлөр — Кения, Кытай, Эквадор, Нидерланды жана Колумбия.
Февраль айында эң көп суроо-талапка ээ болгон гүлдөр-роза, гвоздика, орхидея, хризантема жана лилия. Алардын ичинен роза лидерликти сактап, 3 миллион 560 миң даана көлөмүндө импорттолгон.
Адистердин айтымында, гүлдөр соода түйүндөрүнө жеткенге чейин милдеттүү бажы көзөмөлүнөн өтөт. Документтери жана ташуу шарттары кылдат текшерилет. “Манас” бажысынын кызматкерлери товарларды ыкчам документтештирип, гүлдөрдү сактоого шарт түзүүдө.



