Кыргызстанга Кытай менен Орусиядан жаңы өрт өчүрүүчү унаалар келет. Бул тууралуу маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Анын айтымында, Кытайдан 85 даана өрт өчүрүүчү унаа, ал эми Орусиядан 10 өрт өчүрүүчү унаа келген.
“Кытайдан 100гө жакын өрт өчүрүүчү унааларды алмакпыз. Бүгүнкү күндө 85и келип, корообузга кирди. Бизде көптөн бери автошаты (АКП-50) көйгөй болуп келген. Дагы келе турган 15 унаанын ичинен шатысы 50 метрлик болгон үч өрт өчүрүүчү унаа келе жатат. Мындан сырткары, алардын ичинен 10у авариялык-куткаруучу иштерге колдонулат. Ал эми, Россиядан дагы кошумча 40 даана өрт өчүрүүчү унаа каралган, анын 10у келди»,- деди ал.
Министрдин орун басары 2023-жылдын февраль айында өрт өчүрүчүү унаалар толук келип бүтөөрүн белгиледи.