7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга Орусиядан дан жеткирүү маселеси талкууланды

612

Москва шаарында жумушчу сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Бириккен дан компаниясынын» башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россиядан Кыргызстанга дан жеткирүү маселеси, мындай ташуулардын көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жана  Кыргызстанда «Бириккен дан компаниясы» филиалынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

Маалымдама: «Бириккен дан компаниясы» – дүйнөлүк рынокто россиялык дандын потенциалын ишке ашырууну камсыздоочу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору.  Өзүнүн уникалдуу инфраструктурасынын аркасында компания дүйнөдөгү азык-түлүк мобилдүүлүгүн жогорулатууга салымын кошуп, Россиянын азык-түлүк данын экспорттоочу эң ири 5 өкүлүнүн катарына кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613