7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайлык компания Кыргызстандын энергетика, туризм багытын инвестициялоого кызыкдар

140

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Guangdong Holdings Limited» кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды. «Guangdong Holdings Limited» холдингинин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы олуттуу потенциалын эске алуу менен гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системасын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Кыргызстандын Улуттук инвестициялык фонду жана холдингдин өкүлдөрү инвестициялык кызматташтык боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүшүүдө. Адылбек Касымалиев министрлер кабинети Улуттук инвестициялык фонддун ишине маани берерин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган чет элдик инвестицияларды тартуу өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналарын баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы кытай корпорациясынын өкүлдөрү менен мындан ары да конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле Кытай Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика, айыл чарба, туризм жана инвестиция тармактарында конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

141