Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы (76 кг салмакта) Албанияда өтүп жаткан рейтингдик турнирдеги сүрөттөрү жарыяланды.
Белгилей кетсек, Медет кызы алгач, казак спортчусу Гүлмарал Еркебаеваны 12:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.
Андан соң, болгариялык Ванеса Георгиеваны 10:0, түркиялык Элмира Ясинди 14:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп алган.
Ал эми финалдык беттеште эквадорлук спортчу Генезис Реаско Вальдез менен беттешип, атаандашын 5:4 эсеби менен жеңип, алтын медалга ээ болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



