7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кызмат”мекемесинин кызматкерлери жана эки ортомчу кармалды

149

УКМК тарабынан тергөө иш-чаралардын алкагында, КТБ кызматкерлери тарабынан ортомчулук кызмат көрсөткөн жарандар менен алдын ала сүйлөшүп уюштурулган мыйзамсыз схема токтотулду.

Биринчи Май калкты тейлөө борборунун кызматкери  аталган борборго кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу системасын уюштурганы аныкталган.

Ага ылайык, ортомчулар кардарларды таап, аларга документ иштерин тездетүүгө жардам сунушташкан жана кезек күтпөстөн кызматтарды мүмкүн болушунча тезирээк алууга кепилдик беришкен.

Ошондой эле, көрсөтүлгөн кызматтарына жараша 100 доллардан 10 000 долларга чейинки акчалай сыйлык талап кылышкан, андан кийин ал акча мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Учурда алар кармалып, тергөө камак жайына киргизилди. «Кызмат» мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин, ортомчуларды жана башка уюштуруучуларды аныктоо максатында тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Калкты тейлөө борборунун айрым кызматкерлери жана турак жайга ээлик кылуучу жарандар  чет элдик жарандарды жашаган жери боюнча каттоого  алып, бирок, каттоо дарегинде иш жүзүндө жашашкан эместиги аныкталган.

150