7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Kyzyl-Kiya Open 2023» олимпиадалык таэквондо боюнча чемпионат өттү

423

24-25-март күндөрү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Kyzyl-Kiya Open 2023” олимпиадалык таэквондо боюнча Кыргызстандын түштүк аймагынын эл аралык ачык чемпионаты өттү. Аны Баткен районунун Vision таэквондо федерациясы уюштурду. Турнирдин куратору КРнын Таэквондо академиясынын (WT) техникалык директору, 7-Дан эл аралык кара курдун ээси, мастер Ли Кеун До болду.

Ачылышына Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Мирлан Айтматов жана Кызыл-Кыя шаардык спорт комитетинин директору Азизбек Таштемиров катышты. Спортчулардын жалпы саны 500дөй болду.

«Турнир массалык мүнөзү менен гана эмес, мелдештин курчтугу менен да өзгөчөлөндү. Спортчулар мыкты техниканы, чоң эркти жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү — дейт Таэквондо академиясынын президенти Убайдула Тохтурбаев.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, медалдар, Ардак грамоталар жана кубоктор тапшырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

424