7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлек районунун Ак-Суу айылы таза суу менен камсыз болду

191

Лейлек районунун Ак-Суу айылы таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, калктын таза сууга болгон муктаждыгын чечүү максатында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 млн 800 миң сом акча бөлүнүп, 1200 метр аралыктан суу түтүктөрү тартылып келген. Азыркы тапта жергиликтүү тургундар ичүүчү суу менен камсыз болду.

Белгилей кетсек, 2025-жылга карата министрликке III Элдик курултайдын делегаттарынан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде жалпы 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара аткарылган, 360 иш-чара аткарылууда, аткарылбай калган иш-чара жок.

192